16.11.2021 №1205 «Ынтымак» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тентишев Бакыт Эркиновичке карата берилген ЫЧККТнын маалыматы тууралуу
«Ынтымак» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тентишев Бакыт Эркиновичке карата берилген ЫЧККТнын маалыматы тууралуу
2021-жылы 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна (мындан ары – ЫЧКТ) маалымат келип түштү, ага ылайык, «Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу «Пери Орозбекованын» баракчасында “Ынтымак” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Тентишев тарабынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгы тууралуу пост жарыяланган.
Жарыянын автору Б.Тентишев 2021-жылы 5-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган Мугалимдер күнүнө арналган иш-чарага катышып, педагогдорго акча каражаты берилгени, кесиптик майрамы менен куттуктоолор жана ыраазычылыктар билдирилгени айтылган.
Ошондой эле, 2021-жылы 30-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Абдыш-Ата” стадионунда Кыргыз Республикасынын Көз карандысыдык күнүнө арналган сыйлык фонду 5 000 000 сом суммасын түзгөн спорттук иш-чара өткөрүлгөндүгү, анын демөөрчүсү талапкер Б.Тентишевдин атасы – Э.Тентишев болгондугу белгиленген.
Автордун берген маалыматында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн шарттарын бузуу сыяктуу бир катар ченемдеринин бузулгандыгы тууралуу айтылат.
ЫЧККТнын бул маалыматы кийин аталган фактыларды текшерүү жана укуктук баасын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (чыг.№ 14 29.10.2021-ж.), №30 Ысык-Ата округдук шайлоо комиссиясынын ЫЧККТсына жиберилген.
Ошол эле күнү аталган маалымат Ысык-Ата ИИБдин маалыматты каттоо журналында № 02-005-2021-002669 менен катталган.
2021-жылы 30-октябрда Ысык-Ата райондук ИИБ тарабынан кылмыш тутумунун жана жоруктардын жоктугуна байланыштуу номенклатуралык ишке чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган (КР КЖК 26-б., 1-б., 1-п. негизделүү менен).
2021-жылы 5-ноябрда аталган чечим Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан негизсиз катары төгүндөлгөн жана материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгиси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган жана сотко чейинки өндүрүш башталган, анын алкагында кийин тийиштүү кылмыштык-укуктук баасы берилет.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2021-жылы 30-августта Кант шаарындагы «Абдыш Ата» спорт комплексинин базасында Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Тентишевдин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө арналган бир катар спорттук дисциплиналар боюнча кубогунун биринчилиги болуп өткөндүгү аныкталган (2021-жылдын 30-августундагы жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басылмалар менен тастыкталган, мында ошондой эле, облустун башчысынын жеке каражатынан спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн 5 млн. сом бөлүнгөндүгү да көрсөтүлгөн).
2021-жылы 5-октябрда Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы Кант шаарындагы «Анталья» кафесинде Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөргөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө суралган «Ынтымк» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Б.Тентишевдин жардамчысы, юрист А.Байымбеков Б.Тентишевдин партиянын катарына кирүүгө жана аталган партиянын тизмеси боюнча көрсөтүлүүгө макулдугун 2021-жылдын 11-октябрында бергендигин түшүндүрдү.
Муну менен ал 2021-жылы 30-августта Чүй облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна карата спорттук иш-чара Э.Тентишевдин өзүнүн демөөрчүлүгү астында өткөрүлгөндүгү тастыкталган.
Мындан тышкары, А.Байымбеков 2021-жылы 5-октябрда Кант шаарында «Анталья» кафесинде Ысык-Ата РМА тарабынан өткөрүлгөн, Мугалимдер күнүнө арналган иш-чарада Азиялык медициналык институттан проректору Дж.Эдигеев, ошондой эле Б.Тентишев катышкандыгын, алар институттун мыкты окутуучуларын грамоталар менен сыйлагандыгын билдирген. А.Байымбеков тастыктагандай, сыйлыктарды тапшыруу боюнча аракеттер үгүттөө мүнөзүнө ээ болгон эмес.
Ысык-Ата райодук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев да Дж.Эдигеев жана Б.Тентишев Азия медициналык институтунун мугалимдерин грамота жана баалуу белектер менен сыйлагандыгын тастыктады.
Бул учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Эдигеев Джанат Асылбекович №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер экендиги аныкталган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин депутаттыгына жогоруда аты аталган талапкерлердин: «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Б.Тентишевдин жана №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча - Дж.А. Эдигеевдин жоопкерчилигин кароо зарылдыгы тууралуу жыйынтыкка келди.
Материалдарды изилдеп жатып, Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медициналык институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусу боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Тентишев Эркин Саткынбаевич экени аныкталды, ал «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Б.Тентишевдин – аталган окуу жайынын уюштуруучусунун ишенимдүү башкаруучусу Тентишев Бакыт Эркинович эле.
Азиялык медициналык институттун проректору №30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Дж.Эдигеев эле.
2021-жылы 29-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылы 28-ноябрындагы УП№370 Указы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо дайындалган.
1) 2021-жылы 2-сентябрда «Ынтымак» саясий партиясы бирдиктүү шайлооо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жасады (кир.01-14/2616).
2021-жылы 11-октябрда «Ынтымак» саясий партиясынын кезексиз курултайында Б.Тентишев бирдиктүү шайлоо округу боюнча аталган саясий партиядан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде талапкер болуп көрсөтүлдү.
2021-жылы 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын №857 чечими менен «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси, анын ичинде №?7 алдында Б.Э. Тентишев да катталган.
2) 2021-жылы 12-октябрда Эдигеев Дж.А. Борбордук шайлоо комиссиясына №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүү ниети тууралуу арызын берди.
2021-жылы 22-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын №785 чечими менен Эдигеев Дж.А. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер катары катталган.
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт», башкача айтканда, 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин.
Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз».
Бүгүнкү күнгө чейин «Facebook» социалдык тармактарында жана маалыматтык агенттиктеринде эркин жайгашкан сотко чейинки материалдардын маалыматтарын жана басылмалардын, фото-, видеоматериалдардын мазмунун иликтеп жатып, Борбордук шайлоо комиссиясы белгиленген басылмалар маалыматтык натыйжага ээ экендигин, ал үгүттөө өнөктүгүгүн алкагында шайлоочулардын эркин билдирүүгө аасир этип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкерлер – Б.Э. Тентишевдин жана Дж.А. Эдигеевдин шайланышына өбөлгө түзөт деп белгилейт.
Мындан тышкары, ЫЧККТга маалыматтарды каттоо үчүн негиз болуп берген 2021-жылдын 30-августундагы жана 2021-жылдын 5-октябрындагы фото-, видеоматериалдар жана сотко чейинки өндүрүштүн башталышы бүгүнкү күнгө чейин активдүү жана аларды жоюу үчүн чаралар көрүлгөн эмес.
Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы «Ынтымак» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер Б.Э. Тентишевдин жана №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча талапкер Дж.Эдигеевдин аракеттеринде мыйзам тарабынан аныкталган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби бузулгандыгын көрөт. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленгендей, «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу».
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-, 23-, 28-, 43-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-, 4-, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылы 4-февралда кабыл алынган №33 токтому менен бекитилген “Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧККТ) ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобосун жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына төмөнкү талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү берилсин:
- Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен - Тентишев Бакыт Эркиновичке,
- №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Эдигеев Джанат Асылбековичке.
2. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Аталган чечимди жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун жетекчиси Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жыл 16-ноябрь
№1205