12.04.2024 №82 У.Т. Тайирбаевди жана Т.М. Доорбековду №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекболот Осконбаевич Арзибаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө
У.Т. Тайирбаевди жана Т.М. Доорбековду №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекболот Осконбаевич Арзибаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекболот Осконбаевич Арзибаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2024-жылдын 9-апрелиндеги (кириш № 12/575) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекболот Осконбаевич Арзибаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
– Тайирбаев Умар Тайирбаевич, шайлоо маселелери боюнча;
– Доорбеков Талантбек Манапович, финансы маселелери боюнча.
2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 12-апрели
№ 82