13.11.2021 №1179 №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2021-жылдын 11-ноябрындагы №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжанович мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Т.О. Мельникованы дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-ноябрындагы1054 чечими менен №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин шайлоо боюнча Токон уулу Таланттын ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин шайлоо боюнча Токон уулу Талантка берилген №535, ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №26 Ленин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мельникова Татьяна Олеговна катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-ноябры

№ 1179