09.11.2021 №1138 №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сагымбаев Канат Райымбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Сагымбаев Канат Райымбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

  • өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2021-жылдын 8-ноябрындагы (кириш №02-14/4092) №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сагымбаев Канат Райымбековичтин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сагымбаев Канат Райымбековичтин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:

- Сулайманов Бахтияр Абдувалиевич;

- Касымбеков Чынгыз Жакшылыкович;

- Усубакунов Фархат Даниярович;

- Хамзеев Алтынбек Болотбекович;

- Исмаров Селим Хамидович;

- Райымбек уулу Талант.

2. Катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-ноябры

№ 1138