08.11.2021 №1134 №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

  • өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын жана 2021-жылдын 6-ноябрындагы (кириш №02-14/4060) №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арстанбеков Акылбек Советбековичтин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:

- Мамадалиев Даулетбек Жоомартович;

- Бостонов Нурказы Алымжанович;

- Усенов Нурсултан Нейматалиевич;

- Жолонова Нураида Каныбековна.

2. Катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-ноябры

№ 1134