16.09.2024 №281 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 3 чечимине өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 3 чечимине (2020-жылдын 11-февралындагы №1 КР БШК чечиминин редакциясы) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган чечимдин № 2 тиркемеси менен бекитилген айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан берилүүчү керектүү документтердин тизмеги:
- «Шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ» деген төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 16-сентябры
№ 281