11.09.2024 №278 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ ж
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 265 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу, шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын кароо жана бекитүү максатында, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 11-сентябры
№ 278