11.08.2023 №166 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөткөн Осмоналиева Ханзада Исаковнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөткөн Осмоналиева Ханзада Исаковнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу
арызы жөнүндө
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөткөн Осмоналиева Ханзада Исаковнанын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2023-жылдын 10-августунда (кириш №12/1267) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөткөн Осмоналиева Ханзада Исаковнанын 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы №153 чечими менен катталган Х.И. Осмоналиеванын шайлоо боюнча –
Г.И. Осмоналиеванын ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоосу жокко чыгарылсын
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 11-августу
№ 166