11.08.2023 №164 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Шаршембиев Бакыт Нурджановичти каттоо жөнүндө
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Шаршембиев Бакыт Нурджановичти каттоо жөнүндө
2023-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтү жөнүндө Б.Н. Шаршембиевден арыз келип түшкөн.
2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо, Б.Н. Шаршембиевд талапкер катары каттоо үчүн 2023-жылдын 10-августунда керектүү документтери берилген.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун 2023-жылдын 11-августундагы №12-корутундусу менен, Шаршембиев Б.Н. талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына жооп бергендиги аныкталып, аны каттоо боюнча маселе кароого сунушталган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,
8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Шаршембиев Бакыт Нурджанович №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2...№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Н. Шаршембиевге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.
3. Бул чечим «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 11-августу
№ 164