04.11.2021 №1099 №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 3-ноябрында №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимович мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.А Мендибаевду дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-октябрындагы №440 чечими менен №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Дүйшеев Замирбек Тилембаевичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Дүйшеев Замирбек Тилембаевичке берилген №531 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №4 Көк-Жар шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мендибаев Акылбек Аскарович катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 4-ноябры
№ 1099