01.11.2021 №1052 №6 Араван шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин  ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

 

№6 Араван шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 31-октябрындагы (кириш № 01-14/3825) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №6 Араван шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Гайипов Гафуржан Мамитович катталсын.

2. №6 Араван шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин финансалык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Масардинов Срожидин Садирдинович катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4.  Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                    

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-ноябры

№ 1052