01.11.2021 №1051 №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө
№11 Алай шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө
2021-жылдын 31-октябрында №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары С.М Адыловду дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы №309 чечими менен №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Бөтөнөев Жолдошбек Советбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бөтөнөев Жолдошбек Советбековичке берилген №99 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №11 Алай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жусупбаев Улукбек Аманкулович катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-ноябры
№ 1051