01.11.2021 №1050 №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө
№26 Ленин шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө
2021-жылдын 24-октябрында №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары С.М Адылованы дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №518 чечими менен №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Озубекова Асель Джумадыловнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Озубекова Асель Джумадыловнага берилген №357 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №26 Ленин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сулайманов Болотбек Шакирович катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-ноябры
№ 1050