04.06.2021 №105 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган КРнын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу
2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жɵнүндɵ» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Жалпы иш» коомдук фондунун 2021-жылдын 02-июнундагы (кир.№04-13/1765, 04-13/1765) билдирүүсүнүн жана жолдомосунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүлөр эске алынсын.
2. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочулар болуп катталышсын:
- Асылбеков Таалайбек Спартакович,
- Мамытова Канышай Болотбековна,
- Самаков Бакытбек Таалайбекович.
3. 2-пунктта көрсөтүлгөн «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп катталган коомдук байкоочуларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул чечим Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.А Конурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 4-июну
№ 105