30.10.2021 №1042 №21 Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Бакыт Мукамбетовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№21 Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Бакыт Мукамбетовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жөнүндө 2021-жылдын 30 - октябрында (кириш № 01-12/3774) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №21 Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Кыдыралиев Бакыт Мукамбетовичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 30-октябры
№ 1042