27.10.2021 №1001 №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2021-жылдын 21-октябрындагы (кириш №01-12/3572) 26-октябрындагы (кириш №01-12/3668) №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичтин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичтин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:
- Кубанычбек уулу Адилет
- Абылабеков Аскарбек Абылабекович
- Темиров Мирбек Султангазиевич
- Жунусов Абдулсамат Зарлыкович
- Кутболдиев Улан Абдулхакимович
- Орозов Улан Эсенбаевич.
2. Катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрү берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 27-октябры
№ 1001