09.08.2023 №148 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн  жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн  жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6 жана 8-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2023-жылдын  8-августундагы ПЖ № 183 Жарлыгынын негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.                                         

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                            

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 9-августу

№148