09.02.2022 №154 Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусуну
Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ №31 Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык шайлоочуларды, саясий партияларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн жана шайлоо процессинин катышуучуларына маалымдоо максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жактырылсын.
- Бул чечим жана кайрылуунун тексти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 9-февралы
№154