09.02.2022 №149 №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Тилектешович Тилектешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Тилектешович Тилектешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

 

№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Тилектешович Тилектешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2022-жылдын 9-февралында (кириш № 01-14/217) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Тилектешович Тилектешовдун 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайра шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер У.Т. Тилектешовдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 25-январындагы №61 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кожоналиев Жениш Барктабасовичтин, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ниязбаев Рүстөм Кубатбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ж.Б. Кожоналиевге берилген №68, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Р.К. Ниязбаевге берилген №69 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 9-февралы

№ 149