08.09.2023 №208 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Русланбек Таштанбекович Тагаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Русланбек Таштанбекович Тагаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Жарандардын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө өз арыздарынын жана 2023-жылдын 7-сентябрындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Русланбек Таштанбекович Тагаевдин сунуштамасынын негизинде, (кириш № 12/1627) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Жуманова Эльнура Тажиназаровна жана Жороев Нурбек Ибраимович №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Русланбек Таштанбекович Тагаевдин 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо
2. Катталган талапкердин ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону өткөрүүдө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 8-сентябры
№ 208