07.06.2024 №203 №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Болотбекович Усубалиевдин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Болотбекович Усубалиевдин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

 

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Болотбекович Усубалиевдин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2024-жылдын 7-июнундагы (кириш №12/1090) түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Болотбекович Усубалиевдин 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-майындагы №126 чечими менен Т.Б. Усубалиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлүдөрүн, шайлоо маселелери боюнча – Р.Б. Сатыбековдун, финансы маселелери боюнча – М.Т. Болотбекованын каттоосу жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 7-июну

№ 203