07.06.2024 №201 №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Сагындыкович Турусбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Сагындыкович Турусбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
2024-жылдын 6-июнундагы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Сагындыкович Турусбековдун сунуштамасынын жана Б.К. Онкобаевдин жана О.В. Турусбекованын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө өз арыздарынын негизинде (кириш № 12/1084), «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Онкобаев Бактыбек Кусеинович жана Турусбекова Оксана Владимировна 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Сагындыкович Турусбековдун ишенимдүү адамдары болуп катталсын.
2. Талапкердин ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 7-июну
№ 201