06.12.2022 №234 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

 

 

Ак ниеттүү жана жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90- жылдыгына карата, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы № 31 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери тиркемеге ылайык сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү, маалымдоо бөлүмү жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды ишке ашырсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

                  ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 6- декабры

№ 234