06.06.2024 №193 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ж.М. Салымбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ж.М. Салымбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2022-жылдын 5-июнунда №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жумабек Мамытбаевич Салымбеков мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ж.Ж. Жокоеваны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 31-майындагы №169 чечими менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Ж.М. Салымбековдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган М.С. Жумагулованын каттоосу жокко чыгарылсын жана берилген каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ж.М. Салымбековдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жыпара Жыргалбековна Жокоева катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары - талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 6-июну
№ 193