05.04.2023 №15 Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде электрондук добуш берүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү материалдары жѳнүндѳ

 

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана
Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо
пилоттук режимде электрондук добуш берүү боюнча
маалыматтык-түшүндүрүү материалдары жѳнүндѳ

«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ №19 Жарлыгына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
22-беренесине ылайык,
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтомун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана
Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ маалыматтык-түшүндүрүү материалдары 1 жана 2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларды бул чечимдин 1-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтык-түшүндүрүү материалдары менен тааныштыруу чараларын көрсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 5-апрели

№15