05.04.2023 №14 пилоттук режимде электрондук добуш берүү системасынын маалыматтык коопсуздугунун Саясаты жана пилоттук режимде электрондук добуш берүү системасынын Регламенти жѳнүндѳ

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана
Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо
пилоттук режимде электрондук добуш берүү системасынын маалыматтык коопсуздугунун Саясаты жана пилоттук режимде электрондук добуш берүү системасынын Регламенти жѳнүндѳ

 

«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ №19 Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Пилоттук режимде электрондук добуш берүү системасынын маалыматтык коопсуздугунун Саясаты 1-тиркемеге ылайык;

Баткен облусунун Баткен районунундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде электрондук добуш берүү системасынын Регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты ушул чечимдин 1-пункту менен бекитилген маалыматтык коопсуздук Саясатын жана Регламентти жетекчиликке алсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Н.К. Шайлдабековага жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 5-апрели

№14