04.07.2024 №245 №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ келип түшкѳн шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу арыздар жана билдирүүлѳр б

2024-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (мындан ары - БШК) жыйынтыктоочу жыйынында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (мындан ары – ЫЧКТ) маалыматы, ошондой эле №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө БШКга келип түшкөн бузуулар боюнча Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматы угулду.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү: Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын улук прокурору У.Б. Кожокеев, Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары Ш.С.Садырбеков, Балыкчы шаарынын прокурорунун орун басары Ч.Алиев, КР УКМК Ысык-Көл райондук бѳлүмүнүн кызматкери Р.Ф.Гарифулин, Ысык-Көл районунун ИИБ начальнигинин орун басары Ж.Ж.Абиев, Ысык-Көл районунун ИИБ начальнигинин орун басары Р.К.Алымбеков, Балыкчы шаарынын ИИБ начальнигинин орун басары Ж.Э.Абыканов катышты.

Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалыматтык маселелер жана үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери, №36 Ысык-Көл округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө укук коргоо органдары жана Жумушчу топ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, ЫЧКТнын координатору Т.У.Шайназаровдун маалыматы угулду.

№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 9 билдирүү келип түшкөн. Алардан ичинен:

- БШКнын Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобуна – 2;

- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымат маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко – 7.

Келип түшкөн арыздардын, кайрылуулардын, билдирүүлѳрдүн мүнөзү:

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу жѳнүндѳ – 5;

- талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар жөнүндө – 2;

- үгүт иштерине тоскоолдук кылуу боюнча – 1;

- шайлоочу өзүн тизмеден таппай калганы боюнча – 1.

БШК жана ОШК тарабынан мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чаралар:

- 4 даттануулар жана кайрылуулар боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө жана шайлоо процессинин субъекттерине жалпы суммасы 40 000 сом өлчөмүндө айып салынды;

- 1 арызды канааттандыруудан баш тартылган;

- 1 арыз боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы эске алынган

- 1 арыз боюнча тараптарга түшүндүрмө берилди;

- 1 арыз боюнча арыз ээлери арызын чакыртып алышкан;

- 1 арыз боюнча маалымат тастыкталган жок.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Ысык-Көл районунун ИИБ начальнигинин орун басары Р.К.Алымбековдун маалыматы угулду.

Р.К.Алымбеков Ысык-Көл району боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 6 материал катталганын белгиледи. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча 2 материал, талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар боюнча 1 материал, добуштарды сатып алуу боюнча 2 материал жана майда бейбаштык боюнча 1 материал катталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ысык-Көл районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Ысык-Кѳл облусунун прокуратурасынын улук прокурору У.Д.Кожокеев Ысык-Көл округундагы шайлоодо Балыкчы шаарын жана Ысык-Көл району боюнча 10 материал катталганынын билдирди. Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан бардык тергөө органдарынын 10 чечими боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен чыгарылган чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Ш.С.Садырбеков Ысык-Көл облусу боюнча 8 материал катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» бардык материалдар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын билдирди. Ошондой эле, Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан чыгарылган чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Балыкчы шаарынын прокурорунун орун басары Ч.Алиев Балыкчы шаары боюнча добуштарды сатып алуу тууралуу 2 материал катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» алар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын баяндады. Ошондой эле, Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан чыгарылган чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын маалыматтары боюнча бардык келип түшкөн арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү шайлоо мыйзамдарын бузуулар жѳнүндѳ жана/же талапкерлердин мындайларга катыштыгы бар экендиги тууралуу каралбай калган материалдар жок.

Шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу арыздар жана билдирүүлѳр боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралдагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иштѳѳ тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жана Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматтары эске алынсын.

2. Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча кабыл алынган чаралар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтынын «2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча арыздардын жана мыйзам бузуулардын реестри» бөлүмүндө жарыялансын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У.Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 4- июлу

№245