04.05.2023 №77 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Рысалиев Бактыбек Коржубаевичти каттоо жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Рысалиев Бактыбек Коржубаевичти каттоо жөнүндө

2023-жылдын 28-апрелинде Рысалиев Бактыбек Коржубаевич тарабынан аны 2023-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо үчүн документтери Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун
2023-жылдын 4-майындагы №21-корутундусунун эске алуу менен,

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1,
61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,
8-беренелерин жетекчиликке алып, 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Рысалиев Бактыбек Коржубаевич №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.

2.№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Рысалиев Бактыбек Коржубаевичке
белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.

3.Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 4-майы

№77