03.09.2024 №277 №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Гулмира Бекеновна Камбарованын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Гулмира Бекеновна Камбарованын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2024-жылдын 3-сентябрындагы (кириш №12/1598) түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Гулмира Бекеновна Камбарованын 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы №271 чечими менен Г.Б. Камбарованын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүдөрүн, шайлоо маселелери боюнча – Т.Б. Икрамовдун, финансы маселелери боюнча – Г.К. Багишбаеванын., каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 3-сентябры
№ 277