02.05.2023 №58 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР нын ЖК нын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү жана каттоо боюнча
2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу
шайлоо округу боюнчаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүү ниети тууралуу
«Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү жана
коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ №70 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Жалпы иш» коомдук фондунун 2023-жылдын 27-апрелиндеги (кир.№17/645) билдирүүсүнүн жана жолдомосунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүү эске алынсын.
2. 2023-жылдын 28-майына дайындалган Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп Суйундуева Аида Дженишевна катталсын.
3. Бул чечимдин 2-пунктунда көрсөтүлгөн «Жалпы иш» коомдук фондунун коомдук байкоочусуна белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул чечим Ленин округдук комиссиясына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 28-апрели
№58