01.07.2022 №226 Өзгөн шаардык Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан», «Нур», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын арыздары боюнча шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматы жө
Өзгөн шаардык Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан», «Нур», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын арыздары боюнча шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматы жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан», «Нур», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттарына карата арыздары боюнча шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматын угуп, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3,4,8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан», «Нур», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын арыздары боюнча шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматы эске алынсын (ЖТ чечими тиркелет).
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун мүчөсү Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 1-июлу
№ 226