"Люстрация жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасында референдумду өткөрүүгө каршылык тууралуу"

"Кыргыз     Республикасындагы     референдум     жөнүндө"     Кыргыз Республикасынын   конституциялык   мыйзамынын    11-беренесинин   4- пунктуна   ылайык  Кыргыз  Республикасынын   шайлоо  жана  референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 3-ноябрындагы №333   токтому  менен  "Люстрация  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын мыйзамын кабыл алуу маселеси боюнча референдумду өткөрүү боюнча саны 50   адамдан   (топтун   жетекчиси   Алыйкулова       Марипа   Мукаметовна) демилгелүү топ түзүлгөн, демилгелүү топтун мүчөлөрүнө 2011- жылдын 12- февралына чейин мөөнөттө аракетте болуучу бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилген.  "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын конституциясынын 11 - беренесинин 13- пунктуна ылайык кол тамгаларды чогултуудан кийин, бирок каттоо күбөлүгүнүн иш аракети мөөнөтү   аяктоодон   кечиктирилбестен,   демилгелүү   топ   кол   тамгалар чогултулган ар бир област, Бишкек, Ош шаарлары боюнча референдумдун катышуучуларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы  чогултулган  кол  тамгаларынын  санын  эсептөөлөрү,  ал  жөнүндө демилгелүү      топтун      жыйынтыктоо      протоколун      түзүп      Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырыш керек болчу.

Демилгелүү топ бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыктоо протоколун жана республиканын жарандарынан чогултулган кол тамгаларды тапшырган жок.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 12-беренесинин 8-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы     жөнүндө"     Кыргыз     Республикасынын     мыйзамынын     5- беренесинин 1- пунктунун 21- пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30 - беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ


1. "Люстрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу маселеси боюнча демилгелүү топко (жетекчиси М. М Алыйкулова) референдум өткөрүүгө каршылык берилсин.

2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

3. Ушул токтом "Эркин Тоо"газетасына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун  аткарылышынын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                             А. Сариев

Бишкек ш., 2011-жылдын 14-февралы

№6