№369 Марат Муканович Иманкуловдун арызы жөнүндө

2017-жылдын 01-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына М.М.Иманкуловдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

2017-жылдын 24-августунда М.М. Иманкулов өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арызын берген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө М.М. Иманкуловдон 2017-жылдын 24-августундагы берген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө М.М. Иманкуловдун арызы канааттандырылсын жана документтери кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М. Иманкуловдун шайлоо жана каржы маселелери боюнча төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.

- Рыскелдиев Омурбек Дюшенбаевич;

- Козубаев Бактыбек Бейшенович;

- Иманкулов Муратбек Муканович;

- Иманкулов Эрнист Маратович.

3. О.Д. Рыскелдиевге №458, Б.Б. Козубаевге№459 М.М. Иманкуловго №460 жана Э.М. Иманкуловго 461 берилген каттоо ырастамалары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 25-августу 
№369