№ 222 Ош шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ош шаардык, Ош облусунун Араван, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын № 5315, № 5316, № 5296, № 5283, № 5292, № 5493, № 7014, № 7030, № 7108, жана № 7117 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:


 1.Төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:

1.1. Ош шаары боюнча:

- № 5315 шайлоо участкасы (“Сымбат” акционердик коомунун имаратынан Кыргызстан көчөсүндөгү БиМ ОшМУ  факультетинин имаратына);

- №  5316 шайлоо участкасы (“Нооруз” кафесинин имаратынан Шакиров көчөсүндөгү “Памир” кафесинин имаратына);

- № 5296 шайлоо участкасы (“Керме-Тоо” клубунун имаратынан Жапалак айылынын № 48 орто мектебинин имаратына);

- № 5283 шайлоо участкасы (Раззаков атындагы № 20 орто мектебинин имаратынан Байтемиров көчөсүндөгү Терешков атындагы № 11 орто мектебинин имаратына);

- №5292 шайлоо участкасы (Жапалак айылынын клубунун имаратынан №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин имаратына).

1.2. Ош облусунун Араван районунун: Керме-Тоо айыл аймагынын № 5493 шайлоо участкасы (Э. Кебекбаев атындагы орто мектебинин имаратынан Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүндөгү Токтогул атындагы орто мектебинин имаратына).

1.3. Чүй облусу боюнча:

- Кемин районунун Орловка шаарынын Подгорное айылынын № 7014 шайлоо участкасы (орто мектебинин имаратынан Подгорное айылынын Фабричная көчөсүндөгү клубунун имаратына);

- Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын № 7030 шайлоо участкасы (Тар-Суу айылынын Чункелеев атындагы орто мектебинин имаратынан Калмак-Ашуу айылынын Жолдош-Ата көчөсүндөгү Б. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин имаратына);

- Ысык-Ата районунун Буденовка айыл аймагынын № 7108 шайлоо участкасы (Курманов атындагы орто мектебинин имаратынан Буденовка айылынын Чапаев көчөсүндөгү  орто мектебинин имаратына);

- Ысык-Ата районунун Кант шаарынын № 7117 шайлоо участкасы (№25 кесиптик лицейинин имаратынан М. Горький көчөсүндөгү “Ак-Кайын” жаш өспөрүмдөргө билим берүү уюмунун имаратына).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош шаардык, Араван, Кемин жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

        

Бишкек ш., 2016-жылдын  18-ноябры

№ 222