№154 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары- Борбордук шайлоо комиссиясы) төрагасынын жана төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктун, 16-, 18-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламентинин 52-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №16 токтому менен бекитилген Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1.1. 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жүйөөлүү сунуш Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына же төрагасынын орун басарларына ишеним көрсөтпөө жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш алты айдын ичинде бир жолу демилге кылынышы мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына же төрагасынын орун басарларына ишеним көрсөтпөө жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе бул сунуш келип түшкөн датадан кийин 10 календарлык күндөн эрте эмес жана бир айдан кеч эмес Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экисинен ашык добушу менен кабыл алынат.

Мында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоону дайындоо күнүнө алты ай калганда жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын референдум өнөктүгү учурунда демилге кылууга мүмкүн эмес.

Төраганын же төраганын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөө аларды шайлоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.»;

1.2. 13-берененин биринчи, экинчи, үчүнчү абзацтары алтынчы, жетинчи, сегизинчи абзацтар деп эсептелсин;

1.3. 51-беренеде:

- «Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөгү” Мыйзамы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

 ТӨРАГА                                                  Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 26-сентябры

№ 154