№127 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Ɵгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш - чараларынын..............
2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Ɵгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш - чараларынын Календардык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылы 20-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-августундагы № 117 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына жана 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы № 115 токтому менен бекитилген, 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш -чараларынын Календардык планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы “111 жана 112- пункттары менен толукталсын:
|
111 |
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар жөнүндө актуалдаштырылган маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзүү жана участкалык шайлоо комиссиясына жиберүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 26 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 27-августуна чейин) |
Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо системасын башкаруу бөлүмү) системалык администраторлор, Жети-Ɵгүз аймактык шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер., 3-бөл.) |
|
112 |
Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 30-августуна чейин) |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер., 3-бөл.) |
2) 14-пункттагы “аткаруу мөөнөтү” графасында:
а) “2” деген цифра “4” деген цифра менен алмаштырылсын;
б) “20” деген цифра “18” деген цифра менен алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы “291- пункту менен толукталсын;
|
291 |
Талапкерлер жана саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссиясына программаларын берет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин, саясий партиялардын программаларын расмий сайтта жарыялайт. |
Талапкер, талапкерлердин тизмелери катталган күндөн тартып 4 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-сентябрына чейин) |
Талапкерлер, саясий партиялар, (БШКнын маалыматтык бөлүмү) (Мыйзам 22-бер., 22-бөл.) |
4) 31-пункттагы “аткаруу мөөнөтү” графасында “8” деген цифра “26” деген цифра менен алмаштырылсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы “351- пункту менен толукталсын;
|
352 |
Шайлоо фонду аркылуу Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөө |
добуш берүү күнүнө 23 календардык күн калгандан кечиктирбестен (2019-жылдын 30-августуна чейин) |
Талапкер, ыйгарым укуктуу өкүл (Мыйзам 60-бер., 1-бөл., 4-пункт., 50-бер., 1-бөл., 3-пункт.) |
6) 58-пункттагы “аткаруу мөөнөтү” графасында “1” деген цифра “эки” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 30-августу
№127
