04.11.2025 №999 Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө
Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө
2025-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун ИИБнин Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнөн 1970-жылдын 20-июлунда туулган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Тегерек-Сай айыл аймагынын тургуну Жетимишов Батырбек Камиловичке карата шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар (2025-жылдын 31-октябрындагы чыг. № 9/2740) келип түшкөн.
түшкөн материалдарга ылайык Жетимишов Батырбек Камиловичтин WhatsApp мессенжеринде, “Тазбаргы Урпактары” тобунда, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эркебаев Шүкүрбек Мамазакировичти колдоп шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыган билдирүүлөрдү тараткандыгы аныкталган.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 13 чечими менен Жетимишов Батырбек Камиловичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65 (1-бөлүк), 451, 455-беренелерине ылайык жана Жумушчу топтун 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 13 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Жетимишов Батырбек Камиловичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3..Жетимишов Батырбек Камилович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарландырылсын.
4..Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 4-ноябры
№ 999
