04.11.2025 №998 Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичтен № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.
2025-жылдын 22-октябрында ал талапкер катары каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун кагаз түрүндө берген. Ошондой эле “Электрондук талапкер” маалыматтык системасындагы документтердин машина окуй турган формалары кошумча толтурулган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ
(мындан ары – Жумушчу топ) Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын тиешелүү маалымкатына (2025-жылдын 15-октябрындагы №1-7/525) ылайык Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичтин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталган. Тагыраак айтканда, Курванбаев Суйунбек Бурканидинович 2021-жылдын
10-декабрынан 2023-жылдын 2-январына чейин (387 күн), ошондой эле
2025-жылдын 28-январынан 7-августуна чейин (192 күн) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-ноябрында болуп өткөн отурумуна Курванбаев Суйунбек Бурканидинович онлайн форматта катышып, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты тастыктады.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-октябрындагы Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
- Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-ж. 4-ноябры
№ 998
