03.11.2025 №913 № 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Оргалча Токтобубунун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№ 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Оргалча Токтобубунун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

№3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичтин 2025-жылдын 3-ноябрындагы (кириш №12/3264) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. №3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Оргалча Токтобубунун 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы № 713 чечими менен катталган № 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Оргалча Токтобубунун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токоева Насиба Раимбековнанын, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чегирбаева Жылдыз Эсенбековнанын каттоолору жокко чыгарылсын жана каттоо ырастамалары ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 3-ноябры

№ 913