30.10.2025 №715 № 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кыдыров Акай Имаралиевичтиныйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып И.Н. Кыдыровду жана А-Д.Н. Нурланбекованы каттоо жөнүндө

№ 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кыдыров Акай Имаралиевичтиныйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып И.Н. Кыдыровду жана А-Д.Н. Нурланбекованы каттоо жөнүндө

 

№ 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2025-жылдын 29-октябрындагы (кириш № 12/3065) арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Төмөнкүлөр № 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

– Кыдыров Имарали Нийматович, шайлоо маселелери боюнча;

    •  Нурланбекова Ай-Даанек Нурланбековна, финансы маселелери боюнча.
  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                      Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 30-октябры

№ 715