29.10.2025 №651 № 11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамадалиева Айданек Талантовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Д.Т. Туратбековду каттоо жөнүндө

№ 11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамадалиева Айданек Талантовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Д.Т. Туратбековду каттоо жөнүндө

 

№11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамадалиева Айданек Талантовнанын 2025-жылдын 28-октябрындагы (кириш № 12/2972) ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

  1. Туратбеков Доолотбек Туратбекович №11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамадалиева Айданек Талантовнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
  2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

              Төрага                                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-октябры

№ 651