30.11.2025 №1517 “Рекламный мир” ЖЧКнын өкүлү Хажиев Алишер Дельшатовичтин  шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө

“Рекламный мир” ЖЧКнын өкүлү Хажиев Алишер Дельшатовичтин  шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 29-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциалык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык 2025-жылдын 29-ноябрында саат 08:30да Бишкек шаарынын LED-экрандарына № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исмаилов Арафат Сайдахматовичтин үгүт материалдары жайгаштырылгандыгы аныкталган.

Жумушчу топтун жыйынында “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү “Рекламный мир” ЖЧКсы менен талапкердин ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап 2025-жылдын 29 ноябрдын саат 08:00го чейин Бишкек шаарынын LED-экрандарында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырылат деп түшүндүрдү. Анын айтымында, 2025-жылдын 29-ноябрында техникалык себептерден улам талапкердин үгүт материалы LED экрандарынын биринде бир нече убакытка калган.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 60 чечими менен “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү Хажиев Алишер Дельшатовичке  карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  23-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 63 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына      “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү Хажиев Алишер Дельшатовичке   административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү Хажиев Алишер Дельшатович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 30-ноябры

1517