30.11.2025 №1514 № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К. Малиевдин ѳкүлү Р. Мамажановдун арызын кароо жөнүндө
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К. Малиевдин ѳкүлү Р. Мамажановдун арызын кароо жөнүндө
2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин Каракол шаары боюнча өкүлү Р. Мамажановдун арызы келип түшкөн.
Арызда (1984-жылы 28-июлда туулган) Жункеев Талант Сагынбаевич жана (1985-жылы 11-августта туулган) Оморов Азамат Раимбекович аттуу жарандар айылдык топтордо талапкер А.К. Малиевге каршы сүйлөп, аны “теңирчи, мусулман эмес” деп айыптап, ошондой эле анын мурда айткан “биз дааватты жабабыз” деген сөздөрүн айылдаштарынын арасында таратып жатышкандыгы тууралуу маалымат WhatsApp тиркемеси аркылуу жайылтылып жатканы көрсөтүлгөн.
2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, анда Жункеев Т.С. жана Оморов А.Р. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган аудиоматериалдар каралган. Текшерүүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн жарандар айылдык топтордо талапкер А.К. Малиевге каршы билдирүүлөрдү, анын ичинде “теңирчи, мусулман эмес” жана “биз дааватты жабабыз” деген билдирүүлөрдү камтыган маалыматты WhatsApp тиркемеси аркылуу тараткандыгы аныкталды.
Жумушчу топ көрсөтүлгөн материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамында белгиленген шайлоочуларды маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыгып, тиешелүү талдоо жүргүздү.
Жумушчу топ (1984-жылы 28-июлда туулган) Жункеев Талант Сагынбаевичке жана (1985-жылы 11-августта туулган) Оморов Азамат Раимбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүчтөгү өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 7 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына (1984-жылы 28-июлда туулган) Жункеев Талант Сагынбаевичке жана (1985-жылы 11-августта туулган) Оморов Азамат Раимбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. (1984-жылы 28-июлда туулган) Жункеев Талант Сагынбаевич жана (1985-жылы 11-августта туулган) Оморов Азамат Раимбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 29-ноябры
№ 1514
