30.11.2025 №1513 №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер О. Мухидиновдун арызы жөнүндө

№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер О. Мухидиновдун арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер О. Мухидиновдун арызы келип түшкөн.

О. Мухидиновдун арызында №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.Т. Айтиев өзүнүн айылдаштары үчүн трансформатор маселесин чечип бере тургандыгы жана аны бир жуманын ичинде бүтүрүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу билдирүү WhatsApp тиркемеси аркылуу таркатылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 29-ноябрында өткөн отурумунда социалдык тармактарда жарыяланган аудиоматериалдар каралган.  

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүнү №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.Т. Айтиевдин үгүтчүсү Амирбеков Нарзулло WhatsApp тиркемеси аркылуу тараткандыгы аныкталган. Ошону менен бирге Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 28-ноябрындагы токтому менен көрсөтүлгөн билдирүү талапкер Т.Т. Айтиевге тиешелүү эместиги белгиленген.

Келип түшкөн бардык материалдарды карап чыгып, Жумушчу топ Н.Амирбековго карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренелеринде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.  

         “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 29-ноябрындагы сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Амирбеков Нарзуллого административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Амирбеков Нарзулло Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров                                               

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-ноябры

1513