29.11.2025 №1508 Арса Харсан Цунвазович аттуу жарандын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

Арса Харсан Цунвазович аттуу жарандын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

2025-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына А.С. Ясыров аттуу жарандан Арса Харсан Цунвазович аттуу жарандын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

Арызда № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ханджеза Карим Лемзаровичтин шайлоочулар менен жолугушуусунда Х.Ц. Арса аттуу жарандын улуттук, этникалык, диний кастыкты жайылтуу белгилерин камтыган билдирүүлөргө жол бергендиги көрсөтүлгөн.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 28-ноябрындагы отурумда келип түшкөн арызды изилдеп, ошондой эле Х.Ц. Арса аттуу жаранды угуп, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин талаптарын бузууга жол берилген деп эсептейт. 

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө улуттук, этникалык, диний кастыкты жайылтууга тыюу салынат.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 57 чечими менен Арса Харсан Цунвазович аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 57 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Арса Харсан Цунвазович аттуу жаранга административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Арса Харсан Цумазович аттуу жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-ж.29-ноябры

№ 1508