27.11.2025 №1470 № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

№ 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Келип түшкөн материалдарга ылайык “Instagram” социалдык тармагындагы “amatovzhanybek” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.instagram.com/amatovzhanybek/) талапкер мечиттин аймагында шайлоочулар менен жолугушкан үгүт видеоматериалы жарыялангандыгы аныкталган.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ибадат кылуу имараттарынын ичинде жана жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 43 чечими менен № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 43 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-ноябры

№ 1470