27.11.2025 №1442 Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тууралуу
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын чыг. № 30-3/6472 менен № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча 2025-жылдын 23-ноябрында козголгон № 03-828-2025-000201 кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акунова Лиранын жакын туугандары добуштарды сатып алууга багытталган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын айрым жарандарга бергендиги аныкталган. Бул аракеттер Л. Акунованын шайлоо штабында анын көзөмөлү астында жана анын тапшырмасы менен жүргүзүлгөндүгү далилденген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгүн жана 28-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жана № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акунова Лирага жөнөтүлсүн.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 27-ноябры
№1442
