24.11.2025 №1406 Жаран Яхизов Анвар Рамазановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Жаран Яхизов Анвар Рамазановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 23-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Instagram” социалдык тармагындагы “iakhizovanvar” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.instagram.com/iakhizovanvar) жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын кызыкчылыгында шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган маалымат жайылтылып жатканы аныкталган.
Жумушчу топтун жыйынында А.Р. Яхизов өзү менен талапкердин ортосунда социалдык тармактарда үгүт кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүлгөнүн, анын жарыялоосу шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузганын билбегенин түшүндүрдү.
Материалдарга ылайык А.Р. Яхизов өзүнүн баракчасында асфальт төшөө жана жол иштеринин фонунда № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейказиева Эркеайым Алымовнанын үгүт материалдарын жарыялаган.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүндө шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добушун сатып алууну жүзөгө ашырууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат деп белгиленген.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 42 чечими менен Яхизов Анвар Рамазановичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 61, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 42 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Яхизов Анвар Рамазановичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Яхизов Анвар Рамазанович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1406
