18.10.2025 №250 № 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимжанова Нулифар Якубжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№ 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимжанова Нулифар Якубжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2025-жылдын 17-октябрында (кириш №12/2324) № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимжанова Нулифар Якубжановна мурда сунуш кылган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана А.А. Асановду шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 8-октябрындагы № 67 чечими менен катталган № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимжанова Нулифар Якубжановнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ярматов Мирмахаматтын каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимжанова Нулифар Якубжановнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ярматов Мирмахаматка берилген каттоо ырастамасы ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
  3. Асанов Азизбек Ашыркулович № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимжанова Нулифар Якубжановнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
  4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
  5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
  7. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

               Төрага                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 18-октябры

№ 250