16.10.2025 №208 № 25 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.А. Алимжановду жана Б.Ж. Болотбековду каттоо жөнүндө
№ 25 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.А. Алимжановду жана Б.Ж. Болотбековду каттоо жөнүндө
№ 25 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин 2025-жылдын 15-октябрындагы (кириш № 12/2195) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Төмөнкүлөр № 25 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
–Алимжанов Автандил Алимжанович, шайлоо маселелери боюнча;
–Болотбеков Бекназар Жанышевич, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
- Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 16-октябры
№ 208
